ЖАПЫР
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Жерди карай ийүү, жыгуу, жапшыруу (көбүнчө өсүмдүктөргө ж. б. карата). Ак-Буура долуланып суу боюндагы бадалдардын учун төмөн жакты көздөй жапырат (Абдукаримов). Жайкалган көп-көк шиберди Жапырып шамал таштады. (Бөкөнбаев). 2. Майтаруу, кайруу (көбүнчө миздүү нерселерге карата). Бычактын мизин жапырды. 3. өт. Кайра кайруу, кайра кайтаруу. Ач бөрүдөй качырып, Алды жагын жапырып («Эр Табылды»). Кууп барат жапырып, Өңгүл-дөңгүл жер менен («Манас»).